Кыргызстан боюнча IT лицейлери

Маалыматтык технологиялар (IT) азыркы учурда дүйнөлүк өнүгүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат, анткени бүт процесстерди түзүп, кабыл алып, сактап жана пайдалануунун ыкмаларын изилдейт. Күн сайын IT технологиялары тез өнүгүп, адамдын практикалык ишинде көптөгөн тапшырмаларды автоматташтырат.

Бул жаңы мүмкүнчүлүк IT тармагын борбор шаарда гана эмес, Кыргызстан боюнча өнүктүрүүгө жол ачат.

Кыргызстандагы Сорос Фонду (КСФ) жана Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы (ПККӨКА) аймактык кесиптик окуу жайлардын базасында IT-лицейлерди ачып жатат.

2020 жылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн Токмок, Талас, Каракол, Нарын, Кызыл-Кыя, Бишкек шаарларындагы кесиптик лицейлердин негизинде IT-лицейлер тармагы түзүлүүдө. ​Python, Javascript ​программалоо тилдери боюнча 200 программисттерди даярдап, ​1 жана 3 жылдын ичинде "программист" (башталгыч денгээл) кесиби боюнча баштапкы кесиптик билим жөнүндө диплом жана 9- класстын бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк ыйгарылат.

IT кесиби ар дайым эң керектүү кесиптердин бири болуп келген, бирок COVID-19 пандемиясынан кийин программисттерге суроо - талаптар өсүүдө. Себеби:

-  Онлайн окууга мүмкүнчүлүк бар;

- Программист кесиби дүйнөдө каалаган компанияга үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет, демек сиз өз аймагыңыздан чыкпай эл аралык мекемелер менен иштешсеңиз болот.

- Жумуш тартиби ыңгайлуу жана айлык маянасы жогору болгондуктан, үй бүлөнүздүн жанында болосуз.

- Америкалык компаниянын эмгек акысы тажрыйбасына жараша жылына 60 000 - 100 000$ чейин жетет.

- Азыркы учурда Кыргызстанда программисттер тартыш болгондугу үчүн, айлык маянасы 500$ өйдө келет. Ири компанияларда IT адистеринин маянасы 5000$ тегерегинде болот.

- окуу менен стажировканы чогуу алып кетүү жана 10 айдан кийин иштеп баштаса болот.

 

Контракт:

9-класстын бүтүрүүчүлөрү (2 жыл 10 ай) жылына - 36 000 сом

11-класстын бүтүрүүчүлөрү (10 ай) - 50 000 сом

Бүтүрүүчүлөргө жатакана берилет.

Программист болуп, үй-бүлөңүзгө жакын болуңуз.

 

Байланыш үчүн:

Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжи (ТИПК)

Область: Чуй облусу

Адрес: Токмок шаары, Шамшы, 35 көчөсү

Телефон:  + (9963138) 32816

Директор: Карышкырбаев Орозбек Кыргызбаевич

Координатор: Мидина Шаршенбаева, 0707 430 507

Электрондук почта: [email protected]

 

№87 кесиптик лицей

Область: Нарын облусу

Адрес: Нарын шаары, Ленин, 92 көчөсү

Телефон: +(9963522) 5-08-20

Директор: Турганбаев Байышбек Мукашевич

Координатор: Ширин Турдумбек кызы, 0703 757 995

Электрондук почта: [email protected]

 

№14 кесиптик лицей

Область: Ысык-Көл облусу

Адрес: Каракол шаары, Тыныстанов, 61 көчөсү

Телефон: + (9963922) 5-32-95

Директор: Бекишов Урмат Муканович

Координатор: Улан Шукурганов, 0551 631 465

Электрондук почта: [email protected]

 

№70 кесиптик лицей

Область: Баткен облусу

Адрес: Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев, 3 көчөсү

Телефон: + (9963657) 5-44-47

Директор: Эргешов Суйунали Парпиевич

Координатор: Маматурай Исаков, 0773 123 277

Электрондук почта: [email protected] 

 

№6 кесиптик лицей

Область: Талас облусу

Адрес: Талас району, Кок-Ой айылы, Манас 101 көчөсү

Телефон: 0 (3422) 5-85-40

Директор: Кушубеков Алтынбек Асанбекович

Координатор: Уулкан Кыдыралиева, 0705 905 062

Электрондук почта: [email protected]


№3 кесиптик лицей (11 класстын базасында)

Шаар: Бишкек

Адрес: Раззакова, 62 көчөсү

Телефон: 0 (312) 62-49-12

Директор: Белялов Шайбек, 0557 123 403

Электрондук почта: [email protected]


IG: @it_licey_kg

FB: IT лицеи в Кыргызстане